Кыргызстандын Чек ара аскерлиги бүгүн “Үйгө чалуу” атуу акция өткөрөт. Ушул күнү чек араны кайтарып, кызматта турган аскерлер жакындарына телефон чалып, жаңы жыл майрамы менен куттуктап, акысыз сүйлөшө алат. Мындай акция үй-бүлөсү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болбогон тоолуу аймактарда кызмат өтөгөн чек арачылар үчүн экинчи ирет өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Чек ара аскерлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. (КЕ)