Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:01

Америкалыктар асырап алган кыргызстандык балдар үчүн балаты майрамы өттү

Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан бүгүн кабарлашкандай, балаты майрамы Кыргызстандын Вашингтондогу элчилигинде 29-декабрда өттү. Иш-чарага АКШнын ар кайсы штатынан кыргызстандык балдарды асырап алган 20дай үй-бүлө, 2ден 10 жашка чейинки балдарын ээрчитип келишти. Бардык балдарга белектер тапшырылды.

Маалыматтарга караганда, жалпысынан 200дөн ашуун кыргызстандык бала чет өлкөлүк жарандарга асыроого берилген. (КЕ)
XS
SM
MD
LG