Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:53

Көчкүдө жоголгон орусиялык туристти издөө убактылуу токтотулду


Чукул кырдаалдарды башкаруу борбору Алай районундагы Жаңы-Айдар-Така аймагында көчкүдө жоголгон орусиялык турист В. Чернышевду издөө иштери боюнча жыйын өткөрдү. Ага Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Орусиянын Оштогу консулдугунун, аба ырайын маалымдоочу агенттигинин өкүлдөрү жана жоголгон туристтин шериктери катышты. Окуя болгон жердеги жолдун абалын, катаал аба ырайын эске алып, издөө иштерин убактылуу токтотуп туруу чечими кабыл алынды.

28-декабрда Алай районундагы Жаңы-Айдар-Така аймагында кечки саат алтыларга жакын кар көчүп, 39 жаштагы Москва шаарынын тургуну Чернышев көчкүнүн алдында калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин республикалык куткаруучулар тобу ошол эле күнү орусиялык туристти издеп, табышкан эмес. (КЕ)

XS
SM
MD
LG