Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

2012-жылдын эң сыйлуу адамдары аныкталды


Дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчундагы адамдардын пикири боюнча, АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон менен президенти Барак Обама эң сыйлуу инсандар деп табылды. Иликтөөнү "Гэллап" уюму жүргүзгөн.

Хиллари Клинтон соңку 11 жылдан бери бул наамга татыса, Барак Обама соңку 5 жылда тизменин башында. АКШнын биринчи айымы Мишел Обама, таанымал теле алып баруучу Опра Уинфри, мурунку мамлекеттик катчы Кондолиза Райс да тизмеде Клинтондон кийин турат. Башка өлкөлөрдөн болсо пакистандык активист кыз Малала Юсуфзай менен Бирманын демократиялык лидери Аун Сан Су Чи, Британиянын экс-премьери Тэтчер жана канышасы Элизабет да кирген. Нелсон Мандела, Митт Ромни, Билл Грахам, Жорж Буш, Рим папасы Бенедикт XVI Обама баштаган тизмеден орун алышкан. "Гэллап" уюму бул иликтөөнү 19-22-декабрда жүргүзгөн.

"Гэллап" “Жылдын сыйлуу адамын” аныктоодо ачык сурамжылоо жүргүзгөн, ага катышкандардын баары аты-жөнүн, эмне үчүн ушундай тандоо жасаганын айтып беришкен. АКШда мындай сурамжылоо 1946-жылы башталган, эки жылдан кийин эркек менен аялдардын тизмеси эки башка аныкталган.

XS
SM
MD
LG