2013-жылы Кыргызстанда уюлдук байланыш операторлору үчүн сатыктан 5 пайыздык салык алына баштайт. Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бул мыйзам расмий жарыяланган күндөн 2 айдан эрте эмес мөөнөттө күчүнө кирет. Президент Алмазбек Атамбаев Салык кодексине киргизилген тиешелүү өзгөртүүлөргө 27-декабрда кол койгон болчу.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси - Экономика жана өнөр жай министрлиги салык көбөйгөн учурда уюлдук операторлор байланыш акысын кымбаттатпайт деп убада берүүдө. (KKs)
Мыйзам долбоорунун демилгечиси - Экономика жана өнөр жай министрлиги салык көбөйгөн учурда уюлдук операторлор байланыш акысын кымбаттатпайт деп убада берүүдө. (KKs)