Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:53

Мерт болгон ооган аскерлеринин саны көбөйдү


Ооган бийлигинин расмий маалыматы боюнча, 2012-жылы миңден ашык ооган аскери кызматын аткарып жаткан учурда каза тапты. Бул 2001-жылы АКШ аскерлери Ооганстанга келгенден берки эң жогорку көрсөткүч. Мындай жагдай 2014-жылы НАТО күчтөрү өлкөдөн чыгаар алдында, Ооганстандын улуттук армиясынын жоопкерчиликти өз мойнуна алышы менен байланыштырылууда. Ооган коргоо министри Захир Азиминин билдиришинче, мерт болгон 1056 аскердин кеминде 75 пайызы жерге катылган мина жана жолдогу бомба жарылууларынан көз жумган. (KKs)

XS
SM
MD
LG