Египет бийлиги улуттук экономикадагы маселелерди чечүү үчүн Эл аралык валюта корунан 5 миллиард доллар насыя алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жакын арада улантат. Валюта кору менен буга чейинки сүйлөшүүлөр өлкөдө Конституциянын жаңы долбооруна жана президент Мухаммед Мурсинин өз бийлигин кеңейтишине байланыштуу башталган митингдерден улам токтоп калган. Египеттин борбордук банкы өлкөнүн валюталык кору эң төмөнкү чекке чейин төмөндөп кеткенин билдирүүдө. (KKs)