Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

Ошто жол кырсыгынан төрт киши каза тапты


31-декабрдан 1-январга караган түнү саат бирлер чамасында Ош-Бишкек жолунун 635-чакырымында (Жаңы-Арык айылы) "Мерседес" үлгүсүндөгү микроавтобус жана жүк ташуучу “Вольво" кагылышып, төрт киши мерт кетти. Дагы жетиден ашуун адам Өзгөн райондук ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев кабарлады. Анын айтымында, каза болгондордун экөө Өзгөн районунун Куршаб айылынын, дагы экөө Кара-Кулжа районунун тургундары экени аныкталды. “Вольво” машинасынын айдоочусу кырсык болгондон кийин качып кеткен. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG