Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:46

Обама "фискалдык жар" мыйзамын колдоого чакырды


Обама сүйлөшүүлөр жөнүндө билдирди, 31-декабрь, 2012
АКШнын президенти Барак Обама Өкүлдөр палатасын Сенат жактырган “Фискалдык жардын” алдын алуу боюнча мыйзамды кабыл алууга чакырды. Президенттин айтмында, демократтардын да, республикачылардын да талабы азырынча толук аткарыла элек. Ушундай учурда “фискалдык жар” жөнүндө өткөн түнү Сенат жактырган келишим "туура чечим болот" деди Обама.

Ак Үй менен Конгресстеги республикачылар ортосунда жүргөн кызуу талкуулардан кийин жаңы келишимди Сенат бекиткен. Анткени салыктын көлөмүн азайтуу жөнүндө Жорж Буш учурунда кабыл алынган мыйзамдын өткөн түнү мөөнөтү бүткөн.

Бирок ордуна чукул кабыл алынган келишимге ылайык, жылына 400 миң долларга чейин киреше тапкан америкалыктарга кошумча салык салынбайт. Бюджеттик чыгымдарды да олуттуу кыскартуу боюнча аракети дагы эки айга кечеңдейт. Ушул мезгил аралыгында Конгресс менен өкмөт жаңы сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Эки айга кабыл алынган келишим Америкада “фискалдык жар” деп аталган катуу чаралардын автоматтык түрдө киргизилишин бир аз болсо да артка жылдырат.

XS
SM
MD
LG