Энергетиктер Токтогул ГЭСинде иштен чыккан төртүнчү агрегатты бул аптанын аягына чейин оңдоп бүткөрүүнү көздөөдө. Энергетика жана өнөр-жай министринин орун басары Райымбек Мамыров агрегат 4-январда ишке кирип калышы мүмкүндүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кышкы эс алууга чыккан мамлекеттик мекемелерге электр энергиясын берүү убактылуу токтоду. Мунун эсебинен энергияны чектөө азайды.
Буга чейин ГЭСтеги агрегатты оңдоо иштери 10-январга чейин уланып, электр энергиясына убактылуу чектөөлөр маал-маалы менен киргизилип тураары кабарланган. Токтогул ГЭСиндеги төртүнчү агрегаттын ишиндеги мүчүлүштүк 27-декабрда аныкталган. (KKs)