Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:32

Республикачылар “фискалдык кургуй” мыйзамын талкуулоодо


АКШнын республикачылар үстөмдүк кылган Өкүлдөр палатасы “фискалдык кургуйду” алдын алууга багытталган мыйзамды колдоп, колдобоо маселесин талкуулап жатат. Айрым республикачылар мыйзамда мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу жагы жакшы каралбай калганын сынга алышууда. Бул мыйзам салыктардын көбөйүшү жана мамлекеттик каржылоонун кыскарышына алып келген жагдайдан чыгуу үчүн даярдалган. Буга чейин мыйзамды демократтар үстөмдүк кылган Сенат жактырган болчу.

Мурдагы президент Жорж Буш маалында салыкты азайтуу боюнча кабыл алынган мыйзамдын мөөнөтү 31-декабрда аяктаган. 1-январдан тарта салыктар автоматтык түрдө көбөйүп, 600 миллиард долларга тете мамлекеттик каржылоолор токтотулууга тийиш. Адистер мындай “фискалдык кургуй” Американын экономикасында жаңы рецессияны жаратат деп билдиришкен. (KKs)

XS
SM
MD
LG