Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:06

Кыргызстанда өткөн жылы 64 эне төрөттөн каза тапкан


Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеванын “Азаттыкка” белгилешинче, 2012-жылы 64 эне төрөттөн жана кош бойлуу кезинде каза тапкан. Энелердин өлүмүнүн азайбай жатышын министр айым миграциянын айынан көптөгөн аялдар кош бойлуу кезинде каттоого турбаганы менен байланыштырууда.

- Төрөгөнгө аз калганда же төрөт учурунда гана ооруканага келген учурлар жыл сайын көбөйүүдө. Дарыгерлердин көзөмөлүндө болбогондуктан ар кандай оорулар менен келип жатышат. Алардын саны жыл сайын өсүүдө. Мындан сырткары элдин жакыр жашаганы, эне-баланын тамагындагы витаминдердин аздыгы аз кандуулукка алып келүүдө. Бул да көп маселени жаратат, - дейт Сагынбаева.

Өткөн жылы Ош, Жалал-Абад облустарындагы көчмө жыйын учурунда өлкөдө энелер менен балдардын өлүмү көп учурда дарыгерлердин шалаакылыгынан болорун вице-премьер-министр Камила Талиева белгилеген болчу.

2011-жылы жылы төрөттөн жана кош бойлуу кезинде каза тапкан энелердин саны 66га жеткен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG