Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:57

Тажикстан: оппозиция өкүлү бийликти сындады

Тажикстандык оппозиция өкүлү президент Рахмондун «тоталитардык» бийлигин сынга алды. Дубайда камакка алынган Умарали Куватов өзүнө коюлган айыптоону «Рахмондун бийлиги жүргүзгөн тажик элин басмырлоосуна каршы күрөшүмдүн түздөн-түз жыйынтыгы» деп мүнөздөдү. Анын каты камак жайынан жашыруун алынып чыккандыгы кабарланууда.

Куватов Дубайда 23-декабрда тажик өкмөтүнүн талабы менен камакка алынган эле. Ал көз боёмочулук аркылуу 1 млн. 200 миң долларды «жеп койгон» деп айыпталууда. Куватов Рахмондун кызы Тахминанын мурдагы бизнес кеңешчиси. Жыл башында ал оппозициялык топ түзгөнү кабарланган.
XS
SM
MD
LG