Францияда сатиралык «Шарли Хебдо» журналынын 64 беттен турган акыркы саны толугу пайгамбар Мухаммеддин жашоосу тууралуу сүрөттөргө арналды. Басылманын редактору Стефан Шарбоньер өткөн аптада «эгер эл аң-таң калгысы келсе, аң-таң болсун» деген эле. Бирок ал сүрөттөр провокация эмес, «Мухаммед тууралуу мусулман изилдөөчүлөр жазган окуялардын сүрөтү экендигин» билдирди.