Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:20

БУУ: Сириядагы согушта 60 миң адам мерт болду


Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңсеси Сирияда согуш башталгандан бери 60 миңден ашык адам мерт болгонун билдирди. Бул сан набыт болгону айтылган 148 миң адамдын тизмесин талдап, аты-жөнүн салыштырып, кайталанган ысымдарды чийип салуунун негизинде келип чыкты. Президент Башар ал-Асаддын режимине каршы күрөшкөн оппозициянын маалыматы боюнча, нааразылык башталган 22 ай ичинде 45 миңден ашуун адам каза тапкан. Сириялык активисттер шаршембиде Дамасктын четиндеги газ станциясына абадан сокку урулуп, андан оголе көп киши мерт кеткенин кабарлашты. (KKs)

XS
SM
MD
LG