Боливиянын президенти Эво Моралес Венесуэланын президенти Уго Чавестин абалы “өтө кооптоноорлук” деп билдирди. Чавестин пикирдеши саналган Моралес шаршембидеги билдирүүсүндө президентке багышталган дубалар кабыл болооруна ишенерин айтты. Уго Чавес 11-декабрдагы рак шишигин алуу боюнча төртүнчү жолку операциядан бери Кубада дарыланып жатат. Венесуэланын оппозициясы өкмөттү президенттин ден-соолугу тууралуу чындыкты айтууга чакырды. Расмий бийлик өкүлдөрү Чавес 10-январга белгиленген алтынчы инаугурациясына катыша албастыгын билдиришкен. (KKs)