Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:40

“Ал-Жазира” АКШ үчүн атайын телеканал ачат


Катардын “Ал-Жазира” телекомпаниясы америкадагы Current TV деп аталган телетүйүндү сатып алды. Азырынча түйүн канчага сатылганы ачык айтыла элек. Эми “Ал-Жазиранын” берүүлөрүн АКШдагы миллиондогон көрүүчүлөр көрө алышат.

Буга чейин Американын медиа мейкиндигинде "Ал-Жазиранын" салмагы чоң эмес болчу. Маалыматка ылайык, Current TV телетүйүнүнүн аты Al Jazeera America болуп өзгөрмөкчү. (KKs)
XS
SM
MD
LG