Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

Быйыл “Таза cуу” долбоорунун жаңы ыкмасы ишке кирет


Премьер-министрдин басма сөз катчысы Мелис Эржигитовдун “Азаттыкка” айтымында, Азия өнүктүрүү жана Дүйнөлүк банк “Таза cуу” долбоорунун жаңы ыкмасын колдой тургандарын билдиришкен.

- Эң башкы максат – эч кандай коррупциялык иштерге аралаштырбай жергиликтүү бийлик, эл менен тыгыз иштеп, долбоорду аягына чыгаруу. Долбоордун биринчи этабы максатына толук жетпей, коррупциялык иштерге аралышып кеткендиктен токтотулган, – дейт Эржигитов.

Кыргызстанда 1400дөн ашуун айыл ичүүчү сууга муктаж. Мындай айылдарды таза суу менен камсыз кылуу максатында 2001-жылдан бери Азия өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банк каржылаган долбоордун биринчи этабы ишке ашкан. Эми ушул жылдан тарты бул долбоордун экинчи, жаңы этабы башталганы жатат. Ал канча каражатты талап кылаары азырынча ачыктала элек.(КЕ)

XS
SM
MD
LG