Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:21

Азыркы кыргыз киносу тууралуу китеп чыкты

Кинематографияны өнүктүрүү фондунан кабарлашкандай, азыркы кыргыз киносунун ал-акыбалын сүрөттөгөн “Бүгүнкү кыргыз киносу” деген аталыштагы китеп жарык көрдү. Китеп бир гана бөлүмдөн турат. Анда автор Темиркан Дүйшекев соңку жылдары тартылган “Боз салкын”, “Айыл өкмөтү”, “Свет-аке” жана “Чыңгыз менен Бүбүсара” өңдүү тасмалар тууралуу ой бөлүшөт. Мындан сырткары тартылган кинолордун тили, мазмуну жана сапаты талданып жазылган. (КЕ)
XS
SM
MD
LG