Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:57

“Жерүйдү” иштетүүгө сынак өткөрчү комиссия курамы ушул айда жарыяланат


“Жерүй” алтын кенин иштетүүгө конкурс өткөрүүчү комиссиянын курамы январдын ортосунда жарыяланаарын “Азаттыкка” Тоо-кенчилер ассоциациясынын башчысы Орозбек Дүйшеев кабарлады. Комиссия курамына бул маселеге кызыккан министрлик, мекемелердин өкүлдөрү, адистер кирет. Андан сырткары жарандык коомдун өкүлдөрүн киргизүү сунушталган.

Комиссия конкурс өткөрүүнүн жол-жобосун аныктап, кенди сатыкка коюунун шартын белгилейт. 2010-жылдын этегинде кыргыз өкмөтү Жерүй кенин иштетүү үчүн “Жерүй алтын” ишканасына берилген лицензияны жокко чыгарган болчу. Буга компаниянын лицензиялык келишимди аткарбаганы негиз болгон. Бирок буга “Жерүй алтындын” жетекчилиги макул болбой сотко кайрылган.

“Жерүй” Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки эле эң ири алтын кени саналат. Анда болжол менен кеминде 90 тонна алтын, 13 тоннадай күмүш бар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG