Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:35

Кыргызстанда жардыргыч заттардан 30 адам жабыркады


Жаңы жыл майрамын белгилөө маалында, 31-декабрдан 2-январга чейин ар кандай жардыруучу заттардын кесепетинен 30 адам жабыркап, жетөө ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева билдирди. Анын белгилешинче, быйыл жардыргыч заттардын айынан жабыркагандар азыраак болду. Былтыр ушундай эле себеп менен 50дөн ашуун адам кайрылган.

Ар кайсы социалдык тармактарда Кыргызстанда быйыл жардыргыч заттар азырак колдонулганы айтылып жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG