Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

Эво Моралес: Хуго Чавестин абалы чатак


Боливиянын президенти Эво Моралестин 2-январда билдиришинче, Венесуэла президенти Хуго Чавестин абалы өтө чатак:

- Биздин агайныбыз, президент Хуго Чавестин ахывалы аябай тынчсыздандырат. Ал жакында бизге кошулат деген үмүттөбүз. Бирок анын абалы өтө кооптуу. Мен үй-бүлөсү менен сүйлөштүм. Мен вице-президент менен сүйлөшкөнгө аракет кылдым, ал кыйын болду. Бирок биздин дуба-тааттарыбыз агайыныбыз, президент Хуго Чавестин өмүрүн сактаганга жардам берет деп тилек кылабыз.

Хуго Чавеске 11-декбарда Кубада 2011-жылдын ортосунан бери төртүнчү жолу ракка каршы операция жасалган. Ошондон бери 58 жаштагы Чавес элге көрүнө элек. Венесуэла оппозициясы шаршемби күнү өкмөттөн президент Чавестин абалы жөнүндө чындыкты ачык айтууну талап кылды. Бийлик Чавес 10-январда болчу президенттик инаугурацияга келе албай калышы мүмкүн экенин айтышкан. 14 жылдан бери бийликте отурган Чавес былтыр октябрда болгон шайлоодо 54 процент добуш алып, төртүнчү мөөнөткө президенттикке шайланган.

XS
SM
MD
LG