Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Кыргызстандагы "Жахабанын күбөлөрү" БУУга кайрылды


“Жахабанын күбөлөрү” (Йегованын күбөлөрү) деп аталган христиандык диний агымдын өкүлдөрү аларды Кыргызстанда каттабай койгондуктан Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылды. Бул маалыматты “Азаттыкка” "Жахабанын күбөлөрү" диний борборунун маалымат катчычы Хамит Искаков тастыктады. Анын айтымында, аталган диний агымды Ош, Нарын жана Жалал-Абадда каттоодон баш тартышкан. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан мунун себебин билүүгө мүмкүн болгон жок.

Айрым изилдөөлөр боюнча, христианчылыктын протестанттык багытын тутунган кыргыз жаштарынын саны тынымсыз өсүүдө. Алар мурда ачык иштесе, азыр ачык чыгуудан оолак болуп калышты. Кыргызстандын айрым аймактарында бул агымдын өкүлдөрүн сабап, үйлөрүн өрттөгөн учурлар катталган.

Искаковдун белгилешинче, Кыргызстанда “Жахабанын күбөлөрү” 5 миңден ашуун. (КЕ)

XS
SM
MD
LG