Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:45

Сириядагы согуш 60 миң адамдын өмүрүн жалмады


Сирия оппозициясынын билдиришинче, Дамаск шаарынын атрабында жана өлкө түндүгүндө катуу согуш жүрүүдө. Баш кеңсеси Британияда жайгашкан Сириядагы адам укугуна көзөмөл салчу уюмдун ырасташынча, түндүк батыштагы Идлиб провинциясындагы Тафтаназ авиабазасы үчүн армия менен козголоңчулар ортосунда айыгышкан уруш болууда. Адаватчылар буга чейин авиабазаны бир нече ирет басып алганга аракет кылып, максатына жеткен эмес.

Өкмөттүк күчтөр Дамасктын айланасындагы көтөрүшчүлөрдүн өңүттөрүнө авиациядан, артиллериядан сокку урууда. Улуттар Уюмунун маалымдашынча, 21 айдан берки коогалаңда эсептөөлөргө караганда 60 миң чамалуу сириялыктын каны төгүлдү. Бул Сирия оппозиция билдиргенден үчтөн бирге көп.

XS
SM
MD
LG