Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Түркияда Башкы штабдын мурдагы акими камалды


Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын мурдагы акими Ысмайыл Хакки Карадайи бүгүн камакка алынды. Түркиянын маалымат булактарынын кабарлашынча, Карадайи 1997-жылы премьер-министр Нечметтин Эрбакандын өлкөдө исламдын зоболосун көтөрүүгө аракет кылды деп шектелип, армиянын кысымы астында кызматтан кетүүсүн тергөөгө байланыштуу кармалган.

Эрбакан ислам тектүү партиянын Түркиянын өкмөтүн жетектеген биринчи өкүлү болчу. Ысмайыл Хакки Карадайи Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабын 1994-98-жылдары башкарган. Түркияда армия өзүн дүниябий Конституциянын кепили деп билет жана 1960 жана 1980-жылдары Конституцияны коргойбуз деген негизде үч ирет өкмөттү төңкөргөн.

Азыркы премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган ислам тектүү "Адилеттик жана өнүгүү" партиясынын алтаны. Ал 1993-жылы өкмөт башына отургандан бери генералдар менен тирешип отуруп, алардын мамлекеттеги таасирин олуттуу азайтып салды.

XS
SM
MD
LG