Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:00

Индияда суук 100дөн көп адамдын өмүрүн алды


Индиянын түндүк штаттарында акыркы эки аптадагы суук 100дөн ашык адамдын өмүрүн алды. ActionAid кайрымдуулук уюму Индия өкмөтүн Жогорку Соттун көрсөтмөсүнө карабай муктаж адамдарды баш паанек кылчу жай менен камсыздабайт деп сындады жана Жаңы Делиде гана 100 миңден көп там-жайсыз адам бар экенин билдирди. Үстүбүздөгү аптада, синоптиктердин маалымдашынча, Жаңы Делиде температура 9, 8 градус болот. Бул январдагы орточо температурадан 11 градуска төмөн. 1969-жылдан бери Индиянын байтыктында мындай суук болгон эмес. Түндүктөгү Музаффарнагар шаарында температура 0, 6 градуска түшкөн. Бейшемби күнү калың тумандан улам Индияда авиакаттамдар жана темир жол байланышы убактылуу токтотулду.

XS
SM
MD
LG