Июнь коогасынан бери Ош жана Жалал-Абадда жалпы 96 обьект курулду. Аталган эки шаарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Жусупжан Жээнбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, бул объекттердин 34ү турак жай, калганы социалдык объекттер болуп саналат. Дагы 11 объект дээрлик курулуп бүтүп калды. Мамлекеттик дирекция февраль айынын соңунда ишин жыйынтыктап, өз отчетун коомчулукка жарыялаганы турат.
“Бүткөн объекттерди тапшыруу үчүн атайын ревизия чакыргам. Акыркы маалда түрдүү сөздөр көбөйүп жатпайбы. Үйдүн сапатын, бардыгын көрсөтөйүн деп Эсеп палатасынан, мамлекеттик курулуш тармагынан комиссия чакырдым. Аларга көрсөткөндөн кийин дирекцияны жабабыз”,-деди Жээнбеков.
2010-жылдагы июнь окуяларынан кийин түзүлгөн мамлекеттик дирекцияга 30 айлык мөөнөт берилген. Ош, Жалал-Абадда жаңы курулган үйлөрдүн сапаты, чет өлкөлүк донорлордон келген каражаттын сарпталышы боюнча дирекциянын дарегине сын-пикирлер айтылып келет. (KKs)