Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:39

АКШ Google өкүлүнүн Пхеньянга сапарын сындады


АКШнын мамлекеттик департаменти Google компаниясынын аткаруучу директору Эрик Шмидттин Түндүк Кореяга баруу планын сынга алды. Мамдепартаменттин расмий өкүлү Виктория Нуланд бул визитти азыркы мезгилге ылайыксыз жана пайдасыз деп белгиледи:

“Алар жеке жарандар. Бул адамдар бейрасмий түрдө саякатка чыгып жатышат жана АКШнын расмий өкүлдөрү деп саналбайт. Алар бизден кандайдыр бир билдирүүлөрдү алып барышпайт. Ачык айтканда, биз бул визитти ылайыктуу жана өзгөчө пайдалуу деп ойлобойбуз”,-деди Нуланд

Буга чейин Эрик Шмидт менен Нью-Мексико штатынын мурдагы губернатору Билл Ричардсон Пхеньянга саякатка бараары кабарланган. Түндүк Корея ракеталык жана өзөктүк сыноолоруна байланыштуу эл аралык санкцияга кабылган. (KKs)

XS
SM
MD
LG