Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:07

АКШ Пакистанда согушкерлердин жок кылынышын кубаттады


АКШнын Коргоо министрлиги Пакистанда америкалык пилотсуз учактын чабуулунан ислам согушкерлердин даражалуу командири Молдо Назирдин жок кылынышын кубаттады. Пентагондун расмий өкүлү Жорж Литтл командирдин өлүмү сокушкерлерге урулган катуу сокку болоорун, бул Пакистан үчүн да, АКШ үчүн да пайдалуу экенин билдирди. Бирок расмий өкүл пилотсуз учактар тууралуу маалымат берген жок.

Түштүк Вазирстанда шаршембинин түнүндө урулган соккуда Назирдин орун басары жана сегиз согушкер жок кылынганы кабарланган. Молдо Назир Ооганстандагы АКШ жана НАТО аскерлерине каршы чабуулдарды уюштурганы, Пакистан аскерлерине кол салууга каршы экени жана армия менен мунаса түзүүнү жактаары айтылып жүргөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG