Венесуэла өкмөтү билдиргендей, Кубада рак операциясынан кийин дарыланып жаткан президент Уго Чавес "дем алуу органдарынын оор инфекциясына кабылды". Маалымат министри Эрнесто Виллагас 3-январда билдиргендей, 58 жаштагы Уго Чавес өпкөсүнөн кагынып, жакшылап дем алалбай жатат. Чавестин абалы тууралуу башка маалымат берилген жок. Билдирүүдө ошондой эле Венесуэладагы кырдаалды курчутуу үчүн эл аралык маалымат каражаттары Чавестин саламаттыгына байланыштуу «психологиялык согуш» жүргүзүп жаткандыгы айтылат, бирок "ала куш" атынан аталган жок.
Чавес 11-декабрда төртүнчү жолу рак операциясын башынан кечиргенден бери эл алдына чыга элек. Чавестин төртүнчү кызмат мөөнөтү 10-январдагы инаугурация салтанатынан кийин расмий башталууга тийиш.
Чавес 11-декабрда төртүнчү жолу рак операциясын башынан кечиргенден бери эл алдына чыга элек. Чавестин төртүнчү кызмат мөөнөтү 10-январдагы инаугурация салтанатынан кийин расмий башталууга тийиш.