Кабулда өкмөт талиптерге жана башка топторго каршы операцияларда туткундалган 80 айыпкерди бошоткондугун бышыктады. Коргоо министри Жалалуддин Дехати айыпкерлер Кабулдан түндүктөгү Баграм согуш абагы менен башка түрмөлөрдөн бошотулгандыгын "Азаттыктын" ооган кызматына билдирди. Алар тынчтыкка жана элдешүү аракеттерине жардам болот деген үмүт менен бошотулгандыгы кабарланууда.