Активисттердин айтымында, өкмөттүк күчтөр козголоңчуларга каршы чабуулун улантып, Дамасктын чет жакасын бомбалады. Британияда жайгашкан Сириядагы Адам укуктарын көзөмөлдөө уюму билдиргендей, согуштук учактар бүгүн Дамасктын түндүк-чыгышындагы Дума ооданын бомбалады, ал эми замбиректен түштүк-батыштагы Дарая аткыланды. Кечээ Дамаскта май куйган бекетте машина жарылганда, аз дегенде тогуз киши набыт болгон. Расмий САНА агенттиги жардыруу үчүн «террористтер күнөөлүү» деген билдирүү таркатты.
БУУнун эсебинде, 2011-жылдын март айында башталган нааразылык акциялары согушка айлангандан бери Сирияда 60 миңден ашык кишинин өмүрү кыйылды.
БУУнун эсебинде, 2011-жылдын март айында башталган нааразылык акциялары согушка айлангандан бери Сирияда 60 миңден ашык кишинин өмүрү кыйылды.