Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

Google компаниясынын тегерегиндеги текшерүү соңуна чыкты


Интернеттен маалымат издөөчү "Гугл" компаниясын текшерген америкалык тергөөчүлөр "Google атаандаштарын артта калтырыш үчүн интернеттеги издөө жыйынтыктарын бурмалаган эмес" деп тапты. Федералдык Соода комиссиясы бейшембиде "Гуглга" каршы 19 айдан берки иликтөөнү токтотууну бир добуштан колдоду. Бул интернеттеги эң таасирдүү компания болгон "Гугл" үчүн ири жеңиш болуп саналат. Ошол эле убакта "Гугл" атаандаштарынын интернет сайтындагы маалыматты өзүнүкү катары көрсөтүү өңдөнгөн айрым ишмердүүлүгүн токтотууга макул болду. Соода комиссиясынын төрагасы Жон Лейбовиц Вашингтондогу маалымат жыйынында кабарчылардын суроолоруна жооп берди:

Биз бүгүн жарыялаган макулдашуунун эки жагы бар. Биринчиси - атаандаштыкка жол бербөө үчүн патентти коргоо эрежесин "Гуглдын" өз кызыкчылыгында пайдаланышы. Биз мындай көрүнүштү токтоттук. Экинчиси - "Гугл" атаандаштыкты чектөө үчүн издөө жыйынтыктарын акыйкатсыз колдонот деген кине. Биз буга жетиштүү далил таба албагандыктан тергөөнү токтоттук.

"Гуглды" издөөнүн жыйынтыгында өзүнүн кызматтарына артыкчылык берүү менен атаандаштыкка залал келтирип жатат деп ырастаган "Майкрософт" өңдөнгөн "Гуглдын" атаандаштары АКШнын Федералдык Соода комиссиясынан аны жоопко тартууну талап кылышкан эле. "Гуглдын" үстүнөн Европа биримдигиндеги ушул эле мазмундагы анти-монополдук тергөөсү аягына чыга элек.

XS
SM
MD
LG