Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:18

"Наристе-2013" мелдешинин жарым финалчылары аныкталууда


Бишкекте футзал боюнча эл аралык “Наристе-2013” мелдешине катышкан командалар бүгүн чейрек финалда ойноп жатышат. Турнирге Кыргызстандан жана Казакстандан 45 команда катышууда. Ал мамлекеттик мекемелер, курагы 35 жаштан жана 45 жаштан өткөндөрдүн арасында жүрүүдө.

Мамлекеттик мекемелерден бүгүн Жогорку Кеңештин командасы Коргоо министрлигинин командасын жекеме жеке топ тебишүүдө утуп, жарым финалга чыкты. Ушундай эле эсеби бирдей болуп калгандыктан Мамлекеттик мүлк фондунун жана Мамлекеттик салык кызматынын командалары да жекеме жеке топ тебишүүгө чыгып, мүлк фондунун оюнчулары жарым финалга өттү.

Калган командалар азыр ойноп жатышат. Ал эми 35 жана 45 жаштан жогорку эки категорияда Казакстандын 4 командасы жарым финалга өттү.

Мелдеш 8-январда жыйынтыкталат. “Наристе” турнири 1998-жылдан бери уланып келет. (KM/AKu)

XS
SM
MD
LG