Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

Якутияда бөрүлөргө каршы “согуш жарыяланды”


Якутияда бөрүлөр үйүр-үйүр болуп, тирүү жандыктарга кол салганга байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланды. Саха Республикасынын президенти Егорь Борисовдун басма сөз өкүлүнүн маалымдашынча, карышкырлардын бугулар менен жылкыларга кол салуусу көбөйгөндүктөн аңчылар топ-топ болуп, 15-январдан тарта карышкырларга каршы жортуулга чыгат. Бөрүлөргө каршы өнөктүк үч айга созулуп, бул аралыкта 3 миңдей карышкыр жок кылыныш керек. Азыр Якутияда үч жарым миң чамалуу карышкыр бар, деп айтылат билдирүүдө.

Былтыр Якутияда карышкырлар 16 миңден ашуун бугуну кырган. 50 градуска чейин жеткен суукта мергенчилер кантип аң уулайт, белгисиз.

XS
SM
MD
LG