Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:47

Сох анклавында Кыргызстандын 13 жараны барымтада турат


Мындай маалыматты аймактагы кабарчыбыз Жеңиш Айдаров азыр эле Баткен облустук акимчилигинен алганын кабарлады. Маалыматка караганда, кыгыз жарандары бүгүн түшкө жуук, Өзбекстандын Сох анклавындагы чек ара бекеттери жабылганга чейин анклавдын ичине кирип, чыга албай калышкан. Аларды анклавдагы Хушяр айылынын тургундары кармап, өз айылына алып кирип кетишкен. Барымтадагы кыргыз жарандарынын тек-жайы, кандай шартта кармалып турганы тууралуу азырынча эч кандай маалымат жок.

Бүгүн күндүзү аталган айылдын миңдей тургуну Кыргызстандын Чарбак айылынын жанына чогулуп, кыргыз жарандарына тиешелүү эки автомашинаны (Хонда жана Тико үлгүсүндөгү) барымтага алуу менен, кыргызстандык бир милиция кызматкерин сабап, автоунаасын талкалап салган. Барымтага алынган унаалардагы кыргыз жарандары Кыргызстандын аймагына качып өткөнү кабарланган эле. Ушул окуядан кийин Сохтун айланасындагы Кыргызстандын бардык чек ара бекеттери жабылып, анклавга кирип-чыгуу токтотулган.

Өзбек жарандарынын нааразылыгына Кыргызстан Өзбекстандын Хушяр айылына жакын Чарбак айылына жаңы чек ара бекетин ачышы себеп болгон. Кечээ аталган бекетке электр зымын тартуу учурунда хушярлыктар каршылык көрсөтүп, кыргыз чек арачылары асманга эскертүү иретинде ок чыгарган соң гана тарап кетишкен. Бүгүн алардын нааразылыгы ушинтип кыргыз жарандарына кол салуу аракети менен уланды. Жергиликтүү деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн азырынча майнап чыга элек. (SM)

XS
SM
MD
LG