Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Баткендин акими Сохто барымтада тургандар менен жолугушуп чыкты


Бул тууралуу "Азаттыкка" Баткен облустук акимчилигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, Баткен районунун акими Сейитмурат Калыков Сох анклавында барымтада кармалып турган кыргыз жарандары менен азыр эле жолугушуп чыкканын облустук бийликке кабарлаган. Район акими жалпысынан Кыргызстандын 13 жараны азыр Өзбекстандын Сох анклавындагы Хушяр айылындагы ооруканада барымтада кармалып турганын айткан. Алардын алтоосун бүгүн күндүзү Хушяр айылынын тургундары Баткендин кошуналаш Чарбак айылына кирип барып, күчтөп өз аймагына алып өткөн. Калган жетөө Сох аркылуу кыргыз айылдарына өтүп баратканда кармалган жолоочулар. Барымтадагылардын арасында жаш балдар да бар экени кабарланууда. Аларды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөрдөн азырынча майнап чыга элек.

Мунун алдында Өзбекстандын Хушяр айылынын тургундары Кыргызстан Чарбак чек ара тозотуна (заставасына) электр линиясын тартышына каршылык билдирип чыккан эле.

Бүгүн күндүзү аталган айылдын миңдей тургуну Кыргызстандын Чарбак айылынын жанына чогулуп, кыргыз жарандарына тиешелүү эки автомашинаны барымтага алуу менен кыргызстандык бир милиция кызматкерин сабап, автоунаасын талкалап салган. Ушул окуядан кийин Сохтун айланасындагы Кыргызстандын бардык чек ара бекеттери жабылып, анклавга кирип-чыгуу токтотулган. Жалпысынан бүгүнкү тополоңдо Кыргызстанга тиешелүү төрт автоунаа талкаланганы айтылууда. (SM)

XS
SM
MD
LG