Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:10

Асаддын демилгеси эл аралык коомчулуктун сынына кабылды


Президент Башар Асаддын жекшемби күнкү Сирия элине жасаган кайрылуусу бир катар өлкө сынына кабылды. Өз кайрылуусунда Сирия президенти элдешүү демилгесин сунуштаган эле.

Кайрылуудан соң Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу Асад өз кайрылуусунда көндүм болгон куру убадаларын кайталап жатат деп айыптады. Евро Биримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Кэтрин Эштон биримдик Сириядагы жаңылануулар үчүн Асад президенттик кетиши керек деген позициясынан тайбай турганын айтып чыкты.

Башар Асад өткөн жылдын ноябрдан берки Сирия элине биринчи кайрылуусунда улуттук элдешүү боюнча конференция өткөрүүнү жана жаңы конституциянын долбоорун иштеп чыгууну сунуштады. Бирок Асад көтөрүлүшчүлөрдү Батыштын кол баласы деп атап, мындай күчтөр менен сүйлөшүүгө барбай турганын билдирген.

Буга чейин Сирия оппозициясы кайрылууну сындап, президент сунуш кылган тынчтык планы кризисти токтотуунун акыркы мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат дешти. Оппозиция өлкөдөгү чатакты басуунун бирден бир жолу - Башар Асаддын президенттиктен кетиши деп санайт.

XS
SM
MD
LG