Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:07

Уго Чавестин Кубада дарылануусун улантууда


Ант берүү аземине 4 күн калганын Венесуэла президенти Уго Чавес Кубада дарылануусун улантып жатат. Венесуэла өкмөтүнүн өкүлдөрү 3-январда өткөн айда төртүнчү жолу рак дартынан улам операция жасалган 58 жаштагы Уго Чавес саламаттагы начарлап, дем алуусу кыйындаганын билдирген.

Өлкөдө оппозициясы болсо Чавести саламаттыгынын абалы ант берүү аземине тоскоолдук кылса эс алууга кетүүгө чакырууда. Бирок Чавес жетектеген Бирдиктүү социалисттик партиясынын өкүлдөрү анын бийликте кала берээрин билдирүүдө. Өткөн жекшембиде бул партиядан парламент төрагалыгына кайрадан шайланган Чавестин ишенимдүү шакирттеринин бири Диосдадо Кабелло ант берүү аземин жөн гана формалдуулук деп атап, аны кайсы убак болсо өткөрө берсе болоорун айтып чыккан.

XS
SM
MD
LG