Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:42

Баткен - Сох: Барымтадан 14 адам бошотулду


Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен облустук акимчиликтен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Өзбекстандын Сох анклавынын тургундары Кыргызстандын 30дан ашык жаранын барымтага алган жана төрт автоунааны өрттөп салган. Сүйлөшүүдөн кийин барымтадагы аял-балдар болуп 14 адам бошотулду. Учурда Өзбекстандын Сох анклавындагы Хушяр айылындагы ооруканада 20дай эркек дагы эле кармалып турат.

6-январда Хушяр айылынын тургундары Кыргызстан Чарбак чек ара тозотуна (заставасына) электр чубалгысын тартышына каршылык билдирип чыккан эле. Айылдын миңдей тургуну Кыргызстандын Чарбак айылынын жанына чогулуп, кыргыз жарандарына кол салган. Учурда бул окуяны иликтөө боюнча комиссия түзүлдү. (EBM)

XS
SM
MD
LG