Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Баткен: Сохтогу окуя боюнча эки кылмыш иш козголду


Баткен облустук прокуратурасы өзбек жарандарынын кыргыз чек арачыларына кол салган жана адамдарды барымтага алган фактылар боюнча эки кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы Жеңиш Айдаров маалымдады. Учурда Сох анклавындагы окуяны тергеп-иликтөө уланууда. Бул боюнча атайын топ түзүлдү. Окуя болгон жерде жүргөн кабарчыбыздын билдиришинче, кыргыз чек арачылары өзбек жарандарына ок чыгарды деген маалымат такталган жок. (EBM)

XS
SM
MD
LG