Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:38

Баткен-Сох: жаңжалдуу жерге өзбек өкүлдөрү келди


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештеги Коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы, “Ар-намыс” партиясынан депутат Токон Мамытов билдирди. Анын айтымында, окуя болгон жерге Өзбекстандын Фергана облусунун губернатору, аймактык милиция башкармалыктын жана чек ара бөлүмүнүн жетекчилери келди. Алар Баткенде жергиликтүү бийлик менен Сохто барымтада турган кыргызстандыктарды бошотуу боюнча сүйлөшүү өткөрүүдө.

Кыргызстандын чек ара кызматынын башчысы Закир Тиленов да окуя болгон жерге баратканын “Азаттыкка” өзү маалымдады. (EBM)

XS
SM
MD
LG