Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:46

Баткен-Сох: кырдаал Атамбаев көзөмөлүндө


Кыргызстандын Коргоо кеңеши Сохтогу окуя боюнча түшүндүрмө берди. Ага ылайык, Баткендеги чек ара отряды “Чарбак” чек ара тозотунда электр зымын тартып келүү үчүн мамы орнотуп жаткан. Мамлекеттик чек аранын так эместиги жана бул ишти жүргүзүүдө тараптардын өз ара макулдашылбаган аракети Өзбекстандын Сох анклавынын Хушаяр айылынын тургундарынын нааразылыгын жаратып, алар чогулуп келип, кыргыз чек арачыларына кол салган. Кыргыз чек арачылары асманга эскертүү огун чыгарганга мажбур болгон.

Сохтуктар Баткендин Чарбак айылынын тургундарын барымтага алышкан. Азыр барымтадагы кыргыз жарандарын бошотуу аракеттери көрүлүүдө. Бүгүн эртең менен кыргыз-өзбек чек ара кызматтарынын башчылары телефондон сүйлөштү. Баткен облус губернатору Фергана районунун акими менен жолукканы жатат. Сох анклавынын айланасындагы чек ара бекеттери дагы эле жабык. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин тапшырмасы менен ички иштер министри Шамил Атаханов окуя болгон жерге жөнөп кетти. Жаңжалдуу жердеги кырдаалды президент Алмазбек Атамбаев көзөмөлгө алууда. Бул тууралуу Коргоо кеңешинин катчылыгы кабарлады. (EBM)

XS
SM
MD
LG