Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

Баткен - Сох: Барымтадагылар Хушаяр чек ара отрядында кармалып турат


Кабарчыбыз Жеңиш Айдаровдун маалымдашынча, 20 чакты Кыргызстандын жараны Өзбекстандын Сох анклавындагы Хушаяр чек ара бөлүгүнүн имаратында кармалып турат. Арасында жарадар болгондору, же медициналык жардамга муктаждары тууралуу азырынча кабар жок. Кыргызстандын Чарбак айылында телефон жакшы тартпагандыктан эртең менен бошотулган 14 адам менен да байланышуу мүмкүн болбой жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG