Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:12

Электр акысынан качкандарды тартып жүргөн КТРК журналисттери сабалды


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Түндүкэлектр” ишканасынын деректирлер кеңешинин мүчөсү Сапар Аргынбаев билдирди. Анын айтымында, бүгүн Коомдук телерадио корпорациясынын журналисттери аталган ишкананын өкүлдөрү менен бирге съемкага чыккан. Бишкекте "Ата-Түрк" сейил багынын жанында жашаган электр энергиясы үчүн акы төлөбөгөн, мыйзамсыз колдонгон үйлөр боюнча сюжет тартып жүргөн.

КТРКнын журналисти Бурулай Бузурманкулованын “Азаттыкка” билдиришинче, Малдыбаев 16 дарегинде жашаган киши аларга кол көтөрүп, итке талатаарын айтып коркуткан, журналисттердин техникаларын сындырып салган.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Бакыт Сейитов журналисттердин сабалганы тууралуу маалымат түшкөнүн, окуя болгон жерге ыкчам топ жөнөп кеткенин “Азаттыкка” маалымдады.

“Түндүкэлектр” декабрь айында атайын рейд өткөрүп "Ата-Түрк" сейил багынын жанында электр энергиясын мыйзамсыз пайдаланган 23 элиталык үйдү аныктаган. Аларга чара көрүүнү өтүнүп, ИИМдин Уюшма кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү башкармалыгына кайрылган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG