Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:22

Баткен: Сохтун айланасындагы кыргыз айылдарда элдер топтолууда

Баткендеги кабарчыбыз Жеңиш Айдаровдун маалыматына ылайык, Өзбекстандын Сох анклавынын жака-белиндеги кыргыз айылдарда 50дөн, 100дөн адам топтолуп, анклавга кирчү жолдорду бууп жатат. Кыргыз жарандары Сохко кирген газ куурларын кесип жатат деген маалымат такталган жок.

Учурда өзбек-кыргыз бийликтери окуя болгон жерге чогулуп, жаңжалды жөнгө салууну сүйлөшүп жатканы кабарланууда. Азыр Сохтогу Хушаяр чек ара отрядында 20 чакты Кыргызстандын жараны барымтада турат. (EBM)
XS
SM
MD
LG