Google компаниясынын аткаруучу директору Эрик Шмидт жана Нью-Мексико штатынын мурдагы губернатору Билл Ричардсон жеке визит менен Түндүк Кореяга барышууда. Бул сапарды жеке гуманитардык миссия деп атаган Ричардсон былтыр Түндүк Кореяда кармалган туристтик гид Кеннет Баени бошотуу максатын көздөөрүн билдирди. Ак Үй Түндүк Корея өткөн айда эле узун аралыкка учуучу ракета учурганын эске салып, сапарды сынга алды.
Ал эми Шмидт кандай максатта баратканы белгисиз. Ал Интернеттин жайылышын жактаган адам катары таанымал. Пхеньян режими болсо өз жарандарынын дүйнөлүк желеге кошулуу укугун чектеп койгон. Делегациянын атын атабаган мүчөлөрү айтканына караганда, Шмидт визиттин учурунда кайрымдуулук кылат. Бирок кандай түрдө экени айтылган жок.