Ооган президенти Хамид Карзай АКШга 3 күндүк расмий сапарын баштоодо. Вашингтондо ал президент Обама жана башка расмий адамдар менен жолугушат. Сүйлөшүүлөрдүн өзөгүн коопсуздук, экономика, саясат, ооган армиясын машыктыруу жана жабдуу, тынчтык процесси жана башка маселелер түзмөкчү. Ошондой эле коопсуздук боюнча эки тараптуу келишим талкууланат. АКШ жана НАТО контингентинин басымдуу бөлүгү 2014-жылдын аягына чейин Ооганстандан чыгып кетиши керек.
Президенттер ооган куралдуу күчтөрүн машыктыруу жана коопсуздукту камсыздоого жардам берүү үчүн канча аскер калтыруу керектигин макулдашууга тийиш.
Президенттер ооган куралдуу күчтөрүн машыктыруу жана коопсуздукту камсыздоого жардам берүү үчүн канча аскер калтыруу керектигин макулдашууга тийиш.