Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:15

Баткендеги жаңжал чыккан жерге кошумча күч жөнөтүлдү


Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгындагы “Азаттыктын” ишенимдүү булагынан алынган маалыматка ылайык, аймактан 50 кызматкер Баткенге жөнөп жатат. Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары жана штаб башчысы Искендер Мамбеталиев жаңжал тутангандан бери кошумча күч тартылып, чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштей баштаганын маалымат жыйында кабарлады. Анын айтымында, Чарбак чек ара тозотуна электр зымын тартып келүү үчүн мамыларды жеке менчик компания орнотуп жаткан. Мамылардын алтоо чынында эле талаштуу чек ара тилкесине орнотулуп калган, бирок кыргыз тарап аларды кайра жылдырууга макул болгон. Мамбеталиев буга карабастан Өзбекстандын Хушаяр айылынын тургундары жаалданып кол салганын билдирди. Мамылар жөн эле шылтоо болгонун, буга чейин өзбек тарап Чарбакта чек ара бекетинин орнотулушун жактырбай келгенин кошумчалады. (EBM)

XS
SM
MD
LG