Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:11

12.uz: Өзбекстандын 5 жараны оор жараат алган


Өзбекстандын 12.uz веб сайты болсо Өзбекстандын Чек ара коргоо комитетине шилтеме жасап жазганына караганда, Кыргызстан макулдашуусуз электр зым өткөн мамыларды орнотууну уланткан. Натыйжада кыргыз чек арачылар менен Хушяр айылынын тургундары ортосунда жаңжал чыккан. Чек арачылар курал колдонуп, Өзбекстандын 5 жараны оор жараат алган, - деп жазат сайт.

Буга чейин Өзбекстандын Сох районунун акими 6-январда төрт өзбек жаран жаракат алып, ооруканага түшкөнүн айткан. Бирок ал жолугушууга барган Баткен районунун акими Сейитмурат Калыковдун жарадар болгон жарандарды көрсөтүү өтүнүчүн аткара алган эмес.

XS
SM
MD
LG